Ссылки доступа

Хорезмшахтын башчысы Мангуберди тууралуу тасма Түркияда тартылат


Хорезмшах династиясынын башкаруучусу, колбашчы Жалолиддин Мангуберди тууралуу эки сезондон жана 26 бөлүмдөн турган тасма Түркияда тартылат. Бул тууралуу Өзбекстандын Маданият министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта тасманы тартууга даярдыктар башталып, Хорезм шахтары башкарган мезгилдеги декорациялар жасалууда.

Министрлик азырынча Жалолиддин Мангубердинин ролун аткара турган актёрдун аты-жөнү белгисиз экенин билдирди. 7 миллион доллар бюджети бар тасмада башкы ролду түрк актёрлорунун бири аткарат деп күтүлүүдө.

2018-жылы октябрда өзбек тараптын чакыруусу менен Ташкентке «Эртугрул» тасмасы менен белгилүү түрк продюсери Мехмет Боздаг келген. Анда «Өзбеккино» улуттук агенттиги Хорезмшах мамлекетинин башчысы Жалолиддин Мангуберди тууралуу тасманы Боздаг тарта турганын билдирген.

Мурдараак Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзбек кинематографисттери менен жолукканда тарыхый тасма тартуу жана тарыхый ишмердин образын түзүү зарылдыгы жөнүндө айткан.

XS
SM
MD
LG