Ссылки доступа

АКШнын Федералдык резервдик системасы базалык ченди дээрлик нөл пайызга төмөндөттү


Федералдык резервдик системанын төрагасы Жером Пауэлл
Федералдык резервдик системанын төрагасы Жером Пауэлл

АКШнын Федералдык резервдик системасы коронавирустун өлкө экономикасына келтирген зыянын азайтуу үчүн базалык ченди 0-0,25% төмөндөттү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

Базалык ченди дээрлик нөл пайызга төмөндөтүү — бизнести өнүктүрүү жана буга чейинки карыздарын кайра каржылоо үчүн банктардын өтө төмөнкү пайыз менен насыя алуусуна шарт түзөт. Бул базалык чен өлкө экономикасы абалдан чыкканга чейин сакталып турат.

Агенттиктин маалыматына караганда, мындай чара АКШ Борбордук банкынын облигациялык запасын 700 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекет инвесторлордон арзандап кеткен баалуу кагаздарды сатып ала баштайт.

Мындан тышкары Федералдык резервдик система банктарга 90 күндүк мөөнөткө карызга акча алуу мүмкүндүгүн түзүп, резервдик талаптарды нөл пайызга чейин төмөндөтөт. Мындай чара банктарды акчаны айлантууга жана кызыкдар тараптарга берүүгө түртөт деп күтүлүүдө.

Бул 3-марттан бери базалык чендин экинчи жолу төмөндөтүлүшү. Алгач Федералдык резервдик система ченди 1-1,25 пайызга түшүргөн.

XS
SM
MD
LG