Ссылки доступа

Өзбекстан тажик мигранттарына өлкө аймагы аркылуу өтүүгө уруксат берди


«Озоди» радиосунун окурмандары жөнөткөн сүрөт

Өзбекстандын бийлиги өзбек-казак чек арасында өтө албай турган тажик жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Өзбекстан коронавируска байланыштуу 16-марттан тарта башка өлкөлөр менен аба жана автотранспорттук каттамдарды толугу менен токтоткон. Буга байланыштуу Орусиядан келаткан тажикстандык жарандар казак-өзбек чек арасынан өтө албай, ара жолдо калышкан.

Дүйшөмбү күнү Абдулло аттуу мигрант аларды «Навои» көзөмөл-өткөрмө бекетинде токтотушканын, ал аркылуу Өзбекстандын жарандары гана өткөрүлүп жатканын билдирген.

Башка бир тажикстандык мигрант Парвиза казак-өзбек чек арасында 200дөн ашуун киши кармалып калганын айткан. «Арабызда аялдар жана балдар бар. Кырдаал оор, эмне кылыш керек экенин билбейбиз. Көптөгөн мигранттарды Орусия мекенине депортациялаган, андыктан алар артка кете албайт. Чек араны түнкү саат 12де жаап коюшту», – деген ал.

Тажикстан ТИМи чек арадан өтө албай турган жарандарынын маселесин чечүү боюнча Ташкент жана Нур-Султан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

Видео

XS
SM
MD
LG