Ссылки доступа

Орусиянын Конституциялык соту: Путиндин президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгаруу — мыйзамдуу


Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы акция
Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы акция

Орусиянын Конституциялык соту президент Владимир Путиндин Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу соттун сайтындагы билдирүүдө жазылган.

«Путиндин президенттик мөөнөттөрүнүн жокко чыгарылышынан улам мамлекеттин базалык конституциялык мүнөздөмөлөрү зыянга учурабайт. Алар өнүккөн парламентаризм, чыныгы көп партиялуулук жана саясий атаандаштык менен корголгон. Президенттик мөөнөттөр тууралуу маселе ар түрдүүчө, анын ичинде «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоордогудай чечилиши мүмкүн», — деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

Владимир Путин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун 15-январда, Федералдык жыйынга кайрылуусунан көп узабай сунуш кылган. 10-мартта өзгөртүүлөр Мамлекеттик Думада талкууланып жатканда «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын депутаты Валентина Терешкова учурдагы мамлекет башчынын президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгаруу сунушун киргизген. Ага ылайык, Путин 2024-жылы кайрадан президентикке талапкерлигин коюп, жеңишке жетсе 2036-жылга чейин өлкөнү башкаруу укугуна ээ болот.

Өткөн жумада сунушталган өзгөртүүлөрдү Мамдума үчүнчү окууда кабыл алып, Федерациялар кеңеши жактыргандан кийин ага президент кол койгон.

Космонавт Терешкова предлагает "обнулить" президентские сроки Путина
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Орусиянын айрым шаарларында нааразылыкты жаратып, акция, пикеттер менен коштолууда.

Өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик референдум 22-апрелде өтөт деп күтүлүүдө.

Задержания в Петербурге на пикете против внесения поправок в Конституцию
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00
XS
SM
MD
LG