«Вирус жуктурган 14 бейтап карантинге алынды. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар аныкталып, аларды да изоляциялоо иштери башталды», — деп билдирди министр.
Ушуну менен Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 27ге жетти. Алардын 11и Алматыда, 16сы Нур-Султанда катталган.
Казакстанда 16-марттан бери өзгөчө кырдаал киргизилип, 15-апрелге чейин эл көп топтолгон оюн зоок борборлору, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынган. Буга байланыштуу өкмөттүк жолугушуулар, басма сөз жыйындар онлайн-режимде өтүүдө.