Ссылки доступа

Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрү бизнеске жардам берүүнү караштырып жатат


Казакстандын өкмөтү эмгек базары менен экономиканы турукташтырууга багытталган шашылыш чаралардын топтомун даярдап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн 17-марттагы жыйынында айтылды.

Улуттук экономика министри Руслан Даленов ишкерлерди колдоо үчүн кеминде 300 милиард теңге (688 миллион доллар), артыкчылыктуу долбоорлорду жеңилдетилген насыялоо боюнча өкмөттүк программага 400 миллиард теңге бөлүү каралып жатканын билдирди.

Каржы базарын жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиктин төрайымы Мадина Абылкасымова өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу жеке ишкерлерге, ошондой эле орто жана кичи бизнес субъектилерине 90 күндүк насыялык каникул берүү керектигин белгиледи.

«Өзгөчө абалга байланыштуу насыя боюнча милдеттенмелерин аткара албай калган жеке жана юридикалык жактарга туум жазылбашы жана айып пул салынбашы керек. Насыя төлөө мөөнөтүн 90 күнгө жылдыруу боюнча иштерди жүргүзүүсү зарыл», — деди Абылкасымова.

Бул арада кыргыз өкмөтү да коронавируска байланыштуу жабылган ишкана ээлерине салык жана насыялык каникул берүү жолдорун карап жатат.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-мартта уюштурган маалымат жыйында билдирди.

“Экономикалык суроолор боюнча штабда салык жана насыя боюнча каникул берүү каралып жатат. Мунун баары индивидуалдык тартипте каралат”, - деди Өмүрбекова.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар жабылган.

Видео

XS
SM
MD
LG