Ссылки доступа

 Азербайжанда журналист Афган Мухтарлы эркиндикке чыкты


2018-жылы алты жылга соттолгон белгилүү азербайжандык журналист-диссидент Афган Мухтарлы эркиндикке чыкты. Бул тууралуу журналисттин агасы Рамзан Мухтарлы “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, журналист шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандан кийин Германияга чыгып кетти.

2018-жылы Азербайжандын Балакан райондук соту журналист Афган Мухтарлыны алты жылга эркинен ажыраткан. Прокуратура Мухтарлыны "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "ири суммадагы акчаны аткезчилик жол менен алып жүргөн" жана "кызматтагы адамдарга акарат келтирген" деп айыптап, аны сегиз жылга абакка кесүүнү соттон өтүнгөн.

Сотто азери журналист өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары мүнөздөп, президент Илхам Алиевдин өкмөтү "биздин үнүбүздү баса албайт" деп айткан.

Имидж – все. Почему азербайджанские правозащитники и независимые журналисты попадают в тюрьму
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:27:35 0:00

Алиевдин айланасындагы адамдардын коррупциялык аракеттери тууралуу жазып жүргөн Мухтарлы 2015-жылы өз өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, жубайы Лейла менен Грузияга качкан. Бирок журналист 2017-жылдын май айында Тбилисиде дайынсыз жоголуп, бир күндөн кийин ал Бакуда камакта экени белгилүү болгон. Мухтарлы "уурдалганын" анын адвокаттары билдиришкен.

Грузия бийлиги Азербайжан атайын кызматтары менен кызматташканын жана Мухтарлыны уурдоого катышы бар экенин четке каккан. Бирок бул окуядан кийин Грузиянын контрчалгындоо жана чек ара кызматынын башчылары кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG