Тажикстан-Орусия жүргүнчү поезддери 17-марттан тарта каттамдарды токтоткон. Чектөө 1-майга чейин өкүм сүрөт. Ишкананын администрациясы жүргүнчүлөрдүн акчасы акырындык менен кайтарыларын билдирди.
Бирок бир нече жүргүчү билеттин баасы толук кайтарылбай жатканын айтууда. Душанбе шаарынын жашоочусу Амиршо Алиев 17-мартта Москвага чейин 1150 сомониге билет сатып алган. “Бирок 200 сомони (20 доллар) кем беришти”, – деди ал.
Өз булактардын билдиришинче, 8 миңден ашуун жүргүнчү билет сатып алган. Алардын баарына акчасын дароо кайтаруу оңой эмес.
Буга чейин Тажикстандан Орусияга жумасына төрт поезд каттачу.