Ссылки доступа

Орусияда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча добуш берүү 22-апрелде өтөт


Орусиянын президенти Владимир Путин 22-апрелде Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө жалпы элдик добуш берүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Документ Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.

22-апрель шаршемби, бирок бул күн өлкөдө дем алыш катары жарыяланат.

Орусиянын Конституциясына өзгөртүү киргизип, Владимир Путиндин буга чейинки башкаруу мөөнөттөрүн жокко чыгарууну Мамлекеттик Дума колдоп, Конституциялык сот туура деп тапкан. Ага ылайык эми Путинге 2024-жылы да президенттике ат салышууга жол ачылды.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жарлыкка түшүндүрмө берип жатып, эгер коронавирустун жайылышына байланыштуу оор кырдаал түзүлсө, добуш берүү датасы жылдырылышы мүмкүн экенин айтты.

Орусияда коронавирус жуктурган 114 учур катталды. Бир нече региондордо, анын ичинде Москвада массалык иш-чараларга чектөө киргизилип, оюн-зоок жайлары, мектептер жабылууда.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы Орусияда митингдер өтүүдө. Бирок Москвада жергиликтүү бийлик коронавируска байланыштуу 50дөн көп киши катышкан массалык иш-чараларга тыюу салды.

XS
SM
MD
LG