Ссылки доступа

Коронавирус: соңку кырдаал (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Коронавирус: соңку кырдаал. Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам катталды. Алар Сауд Арабиясынан келген учактагы 135 жүргүнчүнүн арасында болгон. Ушул тапта алардын бардыгы такталып, изоляцияга алынды. (Директтен видео)

- COVID-19: суук кабар сооданы кызытты. 18-мартта эртең менен Кыргызстанда коронавирус чыкканы тууралуу маалымат тарагандан кийин элдин азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. (Директтен видео)

- Коронавирус тууралуу негизги 12 суроо. Коронавирус оорусунун негизги белгилери, тазалыкты сактоонун эрежелери жана карантин тууралуу "Сергек жашоо" берүүсүндө Бишкектеги инфекциялык оорукананын директору Гүлжигит Алиев айтып берет. (Директтен видео)

- Султанов: Бийликке билим, тажрыйба, алака керек. “Азаттыктын” “Эки-бир” форматындагы эксклюзив маегинин бул жолку коногу - Жогорку Кеңештин, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Султанов. Саясатчы COVID-19 вирусуна байланышкан экономикалык тобокелдиктер, акча саясаты жана Кыргызстандын экономикасынын талылуу маселелерине байланышкан суроолорго жооп берди. (Директтен видео)

- Чет өлкөлүктөрдүн киришине чектөө коюлду. Кыргыз өкмөтү 19-марттан тартып чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагына киргизүүнү убактылуу чектөө боюнча токтом кабыл алганын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 18-марттагы басма сөз жыйынында билдирди. (Директтен видео)

- Ыктыярчылар сыноо иретинде коронавируска каршы эмдөө каражатын колдоно башташты. (Настоящее время)​

- 19-марттан тарта Алматы менен Нур-Султанда карантин башталат. Шаарларга кирип-чыгууга тыюу салынат. (Казакстандан видео)​

- Кыргызстанда үч адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. (Директ)

- Коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин кантип төмөндөтүүгө болот? (видео Директ)​

- Дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алган адамдардын саны 190 миңден ашты, айыккандар 80 миңден көп. (видео Директ)

- Коронавируска байланыштуу Борбор Азия мечиттеринде намазга тыюу салынууда. (Настоящее время)

- Коронавирустун белгилери. (инфографика)

- Жыйырма жыл үйү жок көчүп жүргөн үй-бүлө. (видео)

- Эмнеге Тажикстан коронавируска каршы чараларды көрүүгө шашылган жок? (Настоящее время)

- Коронавирустан кантип сактануу керек? Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу. (видео Директ)​

- Теңге курсунун эркин кое берилиши боюнча экономисттин пикири. (видео Директ)

- Бишкекте «социалдык» дүкөн ачылды: андагы товарларды жашоо-турмушу оор адамдар жасаган. (видео Директ)​

- «Биз көп нерселер жөнүндө жаза албайбыз»: Тажикстандагы басылмалар кандай иштейт? (Настоящее время)

- Подмосковьеде COVID-19 жуктургандар үчүн оорукана курулууда. (видео Директ)

- Америкалыктар курал-жарак сатып алуу үчүн кезекте турушат. (видео Директ)

- Дүйнөдөгү эркиндик – 2020. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү адамдардын 36% «эркин эмес», 25% «жарым жартылай эркин» өлкөлөрдө жашашат. (инфографика)

- Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук: сандар жана фактылар. (Настоящее время)

- Англис тилин кайсы өлкөлөр жакшы билишет? (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG