Анын айтымында, учурда жеке маалыматтарды жарыялаган адамдардын аракетине укуктук баа берилүүдө.
«ИИМ алардын аракетине укуктук баа берилип жатканын билдирди. Бул туура, анткени мамлекет жарандардын укуктарын сакташы керек. Мындан тышкары ИИМ менен Башкы прокуратуранын жумушчу тобу калк арасында дүрбөлөң жараткан жалган маалыматтарды таратып жаткан 33 аккаунтту аныктады», — деди Умаров.
Ал ортодо өлкө президенти Шавкат Мирзиёев элге кайрылып, Өзбекстанда коронавирустун жайылуусуна байланышкан абал көзөмөлгө алынганын, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирди.
Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 15ке жетти.