Ссылки доступа

Коронавируска байланыштуу Eurovision сынагы быйыл өтпөй калды


Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Eurovision-2020 ыр сынагы өтпөй калды. Бул тууралуу 18-мартта сынактын уюштуруучулары билдиришти.

Конкурс быйыл 12-16-майда Нидерланддын Роттердам шаарында өтүшү керек болчу.

Европа телерадиоберүү бирикмеси мындай чечимге «COVID-19 вирусунун бүтүндөй Европага жайылышы, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен Нидерланд бийлигинин чектөөсү» себеп болгонун маалымдады.

Eurovision сынагы - 1956-жылдан бери өткөрүлүп келаткан популярдуу шоу. Былтыр Израилде уюштурулуп, нидерланддык Дункан Лоуренс жеңүүчү болгон. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

XS
SM
MD
LG