Ссылки доступа

Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга кесилди


18-мартта Ташкент шаардык соту Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримованы 13 жыл 4 айга кести. Жогорку соттун басма сөз кызматы анын жаза мөөнөтү 2015-жылдын 21-августунан эсептелерин билдирди.

Каримовага опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча айыптар коюлган.

2017-жылдын июлунда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова 2015-жылдын августунда 5 жылга кесилгенин маалымдаган. Буга удаа эле дагы бир кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.

Маркум президент Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинде, чет өлкөлөрдөгү, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген.

Чет элдик телекоммуникация компаниялары менен ири келишимдерине байланыштуу Каримовага карата 2013-жылы Европа өлкөлөрү иликтөөсүн баштаган. Каримова атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынганы расмий эмес түрдө кабарланган.

Ташкенттеги абакта отурган Гүлнара Каримова президент Шавкат Мирзиёевге кат жазып, казынага 686 миллион долларды кайтарып берүүнү сунуш кылганы февраль айында белгилүү болгон. Бул үчүн ал өзүнө каршы козголгон акыркы кылмыш ишин жабууну өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG