Ссылки доступа

Тажикстан 16 өлкөдөн келген кишилерди карантинге жөнөтүүдө


Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 18-мартта билдиргендей, коронавирус кеңири жайылган 16 өлкөдөн келген тажикстандык жана чет өлкөлүк жарандар эки апта карантинге алынат.

Тажикстандын башкы санитардык дарыгери күн мурун Кытай, Иран, Италия, Корея, Ооганстан, Франция, Испания, Швеция, Швейцария, Британия, Норвегия, Нидерланды, Германия, Бельгия, Дания жана АКШдан келген кишилерде 14 күнгө карантинге алуу боюнча токтом чыгарган.

Буга чейин Кытай, Иран, Италия, Түштүк Корея жана Жапониядан келгендер гана обсервацияга алынып келген.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жуктурган учур каттала элек экенин билдирүүдө.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 8900дөн ашты. Илдетти 220 миңге чукул адам жуктуруп алды. Ушул тапта бир нече өлкө вируска каршы вакцина иштеп чыгуу аракетинде.

Видео

XS
SM
MD
LG