Ссылки доступа

Өзбекстан: Гүлнара Каримова чет өлкөлөрдөгү активдеринин кайтарылышына таасир эте албайт


Гүлнара Каримованын чет өлкөлөрдө камакка алынган активдеринин бир бөлүгүн өлкөгө кайтаргандыгы тууралуу билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт жана эч кандай юридикалык жактан негизделген эмес. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Каримованын активдерин кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр Өзбекстан мыйзамдарына жана эл аралык укуктун алкагында жүргүзүлүүдө.

«Башкы прокуратура менен Юстиция министрлиги профилдик мекемелердин катышуусунда Швейцариянын, Франциянын, Орусиянын, Латвиянын жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен Гүлнара Каримованын кылмыштуу жол менен тапкан 1,3 миллиард долларлык активдерин кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Бул активдер Каримованын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн карамагында эмес. Алар чет өлкөлөрдүн тиешелүү органдары тарабынан камакка коюлган», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мурдараак Гүлнара Каримова Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жазган катында эркиндик үчүн 686 миллион долларынан баш тартууга даяр экенин билдирген. Мындан тышкары ал Швейцария прокуратурасынын чечими менен Өзбекстанга кайтарылышы керек болгон 131 миллион долларынан баш тартканын жазган.

18-мартта Ташкент шаардык соту Гүлнара Каримованы опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо айыптары боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан.

Өзбекстандын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, буга чейин каралган жана акыркы кылмыш иштеринин алкагында келтирилген чыгым 3,8 триллион сум жана 165 миллион долларды түзгөн

XS
SM
MD
LG