Ссылки доступа

Мекенине кайткан өзбекстандыктар карантиндеги шарттарга даттанышууда (видео)


Мекенине кайтып келгенден кийин карантинге алынган өзбекстандыктар андагы шарттын начар экенине даттанышууда.

18-мартта Москвадан учуп келип, Ташкент облусундагы Чирчик шаарындагы балдар лагерине жайгаштырылган жарандардын бири карантинде адамдар үчүн эч кандай шарттар каралбаганын, дубалдары жука болгондуктан имараттар өтө суук экенин билдирди.

«Телефон байланышы да начар экен. Лагерь 200дөн ашык адамды кабыл алууга даяр болбогондуктан, кичинекей бөлмөлөргө бештен киши жаткырылган. Эркектер, аялдар жана балдар үчүн бир гана даараткана бар. Жууна турган бөлмө да бардыгы үчүн бирөө эле экен», – деди ал.

Карантиндеги адамдар «Озодлик» радиосунун редакциясына жөнөткөн видеодон медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууну каалабаган адам сыртка чыгууга аракет кылып жатканын, чыга бериште аны союлдар менен куралданган милиция кызматкерлери токтотуп, кайра артка кайтарууга аракет кылып жатышканын көрүүгө болот.

Чирчик шаарындагы лагерге жаткырылгандардын арасында Podrobno.uz интернет-порталынын кабарчысы да бар. Ал карантиндеги шарттар боюнча балдар лагеринин жетекчилигине кайрылып, бирок суроолоруна жооп ала алган эмес. Күндүн экинчи жарымында ага Ташкент облустук акимчилиги жооп берип, жакынкы убактарда карантиндеги жарандардын маселеси чечиле турганын убадалаган.

Мындан тышкары 18-мартта Дубайдан келип, Ташкент облусундагы «Кибрай» санаторийине жаткырылган өзбекстандыктар да карантиндеги шарттар начар экенин билдиришүүдө. «Бул жактагы адамдардын бардыгы нааразы, ачка отурушат. Биз ызы-чуу чыгаргандан кийин гана каткан нан жана бир аз сосиска беришти», — деди карантиндеги жарандардын бири.

XS
SM
MD
LG