Ссылки доступа

Алматыда төрт көп кабаттуу турак жай толугу менен карантинге жабылды


Алматыда 19-мартта "Сүнкар" турак жай комплекси менен бирге анын бет маңдайында жайгашкан көп кабаттуу үч үй дагы толугу менен карантинге жабылды.

Азыркы тапта турак жайларды аскерлер курчап турат, короонун алдына көзөмөл-өткөрмө бекеттери коюлду. Изоляцияга алынган сектордун жашоочулары үчүн азык-түлүк саткан бир гана дүкөн иштеп жатат. 18-мартта "Сүнкар" турак жай комплексинде жашаган бир кишиден коронавирус аныкталган.

Эми тургундар өз үйлөрүнүн аймагынан 14 күн бою эч кайда чыга албайт. Казакстанда ушул тапта 44 кишиден вирус табылды. Алрдын 19у Алматыда, 26сы Нур-Султанда.

19-марттан тарта Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин күчүнө кирген. Карантин маалында азык-түлүк сатылбаган базарлар, соода үйлөрү жана көңүл ачуу жайлары убактылуу ишин токтотту.

Как чрезвычайное положение отразилось на работе рынков в Казахстан
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

XS
SM
MD
LG