Өзбекстанда акцияны Саламаттык сактоо министрлиги да колдоду. Өлкөдө илдетке чалдыккандарды саны 23 адамга жетти.
Акциянын демилгечиси – малайзиялык дарыгер Жи Тик Шенг. Ал бир нече күн мурун “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу элди үйдөн чыкпоого чакырган. Ушул тапта аны дүйнө жүзү боюнча 50 миңден ашуун дарыгер колдоду.
Медициналык кызматкерлердин флешмобу: "I stayed at work for you. You stay at home for us" ("Мен сен үчүн иштемин. Сен биз үчүн үйдө бол") деген ураан алдында өтүүдө.
Дүйнөдө коронавирусту 245 миңден ашуун киши жугузуп алды, 10 миңдей киши көз жумду.
Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Италия, Иран, Испанияда коронавирус жугузгандардын саны кескин өсүп, саламаттык сактоо системасы өтө оор учурду башынан кечирүүдө. Дарыгерлер жана медайымдар дем алышсыз иштөөдө. Жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишпей жатат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жана дарыгерлер вакцина жок болгондуктан, коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк социалдык изоляция экенин белгилешүүдө. Дал ушул себептен улам алар кишилерди көчөгө чыкпай, үйдө отурууга үндөшүүдө.