Ссылки доступа

Орусия Конституциясын өзгөртүүгө укуктук экспертиза жүргүзүү өтүнүчүнө 100 миңден ашуун киши кол койду


Жүз миңден ашуун киши Орусия Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө жана анын кабыл алынышына укуктук экспертиза жүргүзүү суранычы менен Европа Кеңешине жолдонгон кайрылууну колдоду.

Алгач петицияга 120 юрист, укук коргоочулар, эксперттер жана оппозиция өкүлдөрү кол койгон.

Документте “Конституцияга өзгөртүү киргизүү ансыз да демократиялык эмес мүнөздөгү бийлик вертикалын күчтөндүрөт, өлкөнү демократиялык Европадан обочолонтууну улантат” деп айтылат.

Кайрылуу авторлорунун пикиринде, алымча-кошумчалар бийликтин алмашып туруу приницибин жоюуда. Ал эми аларды кабыл алуу процедурасы азыркы Конституцияга жана мыйзамдарга, ошондой эле эл аралык стандарттарга туура келбейт.

Январда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн президент Владимир Путин сунуш парламентте, андан соң реферундумда жактырылууга тийиш деген. Бирок Конституцияда мындай норма каралган эмес.

Өзгөртүүлөр Путинге 2024-жылы да президенттикке ат салышууга, жеңсе, 2036-жылга чейин эки мөөнөт бийликте калуусуна жол ачат. Оппозиция, бир катар коомдук ишмерлер жана юристтер бул өзгөртүүлөр Баш мыйзамга каршы келерин айтып сындашса, Конституциялык сот андай карама-каршылык жок деген бүтүм чыгарды. Орусинын шаарларында нааразылык акциялары уланууда. Полиция катышуучуларды маал-маалы менен кармап кетүүдө.

XS
SM
MD
LG