Ссылки доступа

Түркмөнстанда Ашхабад блокадага алынып, аймактарга каттоого чектөө киргизилди


Түркмөнстан өкмөтү Ашхабадга блокада режимин киргизип, аймак аралык каттоолорду чектеди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 19-март күнү кечинде борбор калаага кирип чыга турган жолдордун баары жабылган. Аймактардан келе жаткан автоунаалар артка кайтууда. Ашхабадга азык-түлүк ташыган жүк унаалары гана өткөрүлүп жатат.

Бул арада редакциянын Лебап облусундагы кабарчысы аймактын акимчилигиндеги өз булагына таянуу менен 20-марттан тарта регион аралык жолдор да жабылганын маалымдады.

“Мындай режим апрелдин аягына чейин созулушу мүмкүн. Бир облустан экинчисине баруу үчүн атайын уруксат алыш керек болот. Мындан тышкары мектеп каникулдарын узартуу, бала бакчаларды карантинге жабуу маселелери да талкууланды”, – деди ал.

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусу каттала элек экенин билдирүүдө.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен эки апта мурун кеминде эки киши коронавирус жуктурганын жазган. Жума башында Түркмөнстандын Иран менен чектешкен аймактарында инфекция жуктурган бир нече учур катталганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG