Ссылки доступа

Кыргызстан Кытайдан коронавируска каршы гумжардам алды


Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, жардамды кыргыз тарап 25-мартта Нарындагы «Торугарт» өткөрмө-көзөмөл бекетинен өткөрүп алды.

Кытай тарап медицина кызматкерлерине 10 миң респиратордук беткап, 100 миң бир жолу колдонуучу беткап, 1 миң жеке коргонуу каражатын берди. Ошону менен катар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине 10 миң беткап өткөрүлүп берилди.

26-марттын саат эртең мененки 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын жалпы саны - 44. Алардын алтоо реанимацияда.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

XS
SM
MD
LG