«Өлкөдөгү бардык түзөтүү абактары карантинге алынды. Камактагылар менен туугандарынын жолугушуулары токтотулду. Мунун ордуна алар жакындары менен телефон аркылуу сүйлөшүү мүмкүндүгүн алышты. Мындан тышкары түрмөлөрдөгү ашканалар, иш-чаралар өткөн бөлмөлөр ар төрт саат сайын дезинфекцияланууда», — деди Гиясов.
Ал ошондой эле сасык тумоонун белгилери бар адвокаттар, тергөөчүлөр жана укук коргоо органдары тергөө абактарына киргизилбей турганын кошумчалады.
«Абалга жараша, тергөө иштерине байланышкан бардык процедуралар дистанциялык режимге өткөрүлүшү мүмкүн», — деди басма сөз катчы.
Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 65ке жетти.