Ссылки доступа

Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 100гө жакындады


Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 26-мартта Нур-Султанда дагы тогуз адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын билдирди.

Ушуну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 97ге жетти: Нур-Султанда 55, Алматыда 34, Караганды жана Чымкент шаарларында экиден, Алматы, Актөбө, Жамбыл жана Түндүк-Казакстан облустарында бирден адам эмделүүдө.

Күн мурун казак бийлиги буга чейин коронавирус жуктуруп алган эки киши сакайып чыкканын билдирген.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, дүйнө боюнча вирусту 472 миңден ашык адам жуктуруп, 21 миңден ашык киши каза болду. Дээрлик 115 миң адам айыкты.

XS
SM
MD
LG