Ссылки доступа

ОПЕК+ өлкөлөрү менен Орусия мунай өндүрүүнү суткасына 10 млн баррелге азайтууну макулдашты


ОПЕК+ уюмуна мүчө өлкөлөр сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында май-июнь айларында мунай өндүрүүнү суткасына 10 млн баррелге азайтуу чечимин кабыл алышты. Бул көрсөткүч 2018-жылдын октябрь айындагы деңгээлге барабар.

Документке ылайык, Орусия менен Сауд Арабиясы майдан июндун аягына чейин суткасына 8,5 миллион баррелге чейин гана мунай өндүрүшү керек.

Жылдын калган бөлүгүндө мунай өндүрүүнүн жалпы көлөмү суткасына 8 млн баррелди түзөт. 2021-жылдын январь айынан 2022-жылдын апрель айына чейин ОПЕК+ мунай өндүрүүнү суткасына 6 млн баррелге кыскартууга милдеттеме алат.

Бул маселени талкуулоо жума күнү G20 форматынын базасында уланат.

Өткөн жуманын аягында Орусия президенти Владимир Путин башка өлкөлөр да мунай өндүрүшүн азайтса, Москва макулдашууга даяр экенин билдирген. Анын алдында орус өндүрүшүнөн чыккан Urals мунайынын баррели 10,5 долларга түшүп кеткен. Натыйжада Москва дээрлик киреше алган эмес, ал эми мунай компаниялары чыгаша тарта баштаган. Мунайдын баасы төмөндөгөнгө чейин Орусия мунай өндүрүүнү азайтууга негиз жок деп, ОПЕК+ менен келишим түзүүдөн баш тарткан.

Өз кезегинде АКШнын президенти Дональд Трамп өлкө мунай өндүрүшүн азайтпай турганын айткан. «Биз өндүрүштү буга чейин азайтканбыз, азыр базарга ылайык иш алып баруудабыз», — деген ал.

XS
SM
MD
LG