Пакистанда дааватта жүргөн кыргызстандык жаран коронавирустан өлгөнүн жергиликтүү «The News» басылмасы 9-апрелде жазган. Анда маркум «Таблиги жамааттын» мүчөсү болгону белгиленген. Басылма ошондой эле кыргызстандык жаран диабет менен жабыркап жүргөнү аныкталганын, 1-апрелде карантинден ооруканага которулганын да жазган.
Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө COVID-19 инфекциясын жугузган 31 кыргызстандык бар экенин 9-апрелде кабарлаган.