Ссылки доступа

Ташкентте төрөтканалардын бири карантинге жабылды


Ташкент шаарындагы №6 төрөткана комплекси медициналык персоналдар, энелер жана ымыркайлар менен бирге карантинге жабылды. Бул тууралуу Өзбекстандын башкы санитардык инспектору Нурмат Отабеков билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу аялдын бири COVID-19 илдетине чалдыккан киши менен байланышта болгону үчүн төрөткана 14 күнгө жабылды.

Марттын ортосунда Ташкент шаардык клиникалык ооруканасы да карантинге жабылган болчу.

Маалыматка караганда, бейтаптардын бири Түркияга барып келгенин жашырып койгон. Андан анализ алынганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Өзбекстанда 10-апрель, саат 10:00гө карата 624 киши коронавирус жуктуруп алды.

Видео

XS
SM
MD
LG