Элчилик тараткан маалыматта “Казак тарап алардын баарынын саламаттыгын текшерип, тийиштүү кагаздарын жазып берди. 12 айдоочу машинасын тралдарга жүктөдү, калган айдоочулар мурда жашаган жерине кайра жөнөштү. Ошентип, Соль-Илецк шаарында жана Бузулук районунда Кыргызстандын топтолгон жарандары жок” деп айтылат.
Ошону менен катар элчилик орус-казак чек арасы дале жабык экенин эскертти.
Коронавирус илдетине байланыштуу чек ара жабылгандан кийин орус-казак чек арасында мекенине кайтууну каалаган кыргызстандык мигранттар март айынын ортосунан баштап жүздөп топтоло баштаган. Алардын 541ин өкмөт 7-майда автобус менен алып келген. Медициналык байкоодон кийин жүздөн ушуунунан коронавирус табылды.