Апрелде АКШ COVID-19 пандемиясынан коргонууга медициналык жардам катары Түркмөнстанга 920 миң доллардан ашык каражат берген.
Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы 20 жылдын ичинде Кошмо Штаттар жалпы суммасы 207 миллион долларды түзгөн эки тараптуу жана аймактык программаларды ишке ашыруу боюнча түркмөн өкмөтү жана жергиликтүү өнөктөштөрү менен кызматташып келет. Бул сумманын 21 миллиондон ашыгы саламаттык сактоо тармагындагы программаларга бөлүнгөн.
Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө COVID-19 жуктурган адамдар жок экенин билдирип келет.
Түркмөнстан COVID-19дун жайылуусунун алдын алуу үчүн эл аралык аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан.
«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, жарандардын өлкө ичинде жүрүүсүнө, жайкы эс алуусуна чектөөлөр киргизилип, ооруканалар бейтаптарды кабыл алууну азайтышкан.
«Түркмөнстан хроникасы» басылмасы быйыл Ашхабаддагы мектептерде окуучулар үчүн уюштурулуп келген жайкы ийримдер болбой турганын жазган.
Өткөн жекшемби күнү Түркмөнстан менен Ирандын ортосундагы чек араны ачуу 10-июнга чейин жылдырылганы кабарланган. Ага чейин иран бийлиги чек араны 1-июнда ачуу ниетин билдирген.