Ссылки доступа

УКМК: Журналисттерге акча берүү боюнча документ жок (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- УКМК: Журналисттерге акча берүү боюнча документ жок. УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек "Саймаити журналисттерге 100 миң доллар бергенин" тергөөдөгү эки күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып билдирди. Ал ошол эле маалда журналисттердин акча алгандыгы тууралуу далил жоктугун кошумчалады. (видео)

- Казак-өзбек чек арасынан өтө албай турган тажикстандык жарандар: «Мирзиёев, өткөрүп кой». 250дөн ашык тажикстандык мигрант он жумадан бери казак-өзбек чек арасына жакын жерде жашоодо. Өзбекстан аларды өз аймагы аркылуу өткөрбөй жатат. (видео)

- Алматыда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштеген кафе карантинден кийин кайра ачылды. (видео)

- Айдана окуйт, иштейт жана балдарга укугун үйрөтөт. 16 жаштагы Айдана Субанбекова алты бир туугандын ортончусу. Ал бөбөктөрүн карап, жалгыз бой энесине жардамдашат. Айдана өзү курактуу балдарга ар кандай темадагы, өзгөчө кыздардын укуктарына арналган тренингдери өтөт. (видео)

- Өзбекстандык эмигрант АКШда түрмөдө отуруп чыккандан кийин сүрөтчү болду. (видео)

- Казакстанда карантин эрежелери жумшартылган маалда вирус жуктургандардын саны көбөйүүдө. (видео)

- АКШ: Жорж Флойддун өлүмүнөн кийинки башаламандык. (сүрөт баян)

- Казакстанда шаарлардын кире бериштериндеги блокпосттор алынууда. (видео Директ)

- Армения өкмөт башчысы коронавирус инфекциясын жуктуруп алды (Настоящее время)

- SpaceX адамды космоско ийгиликтүү жеткирди. Илон Масктын "SpaceX" корпорациясы 30-майда “Крю Дрэгон” кемесин Эл аралык космос станциясына учурду. Анын бортунда 49 жаштагы Роберт Бенкен менен 53 жаштагы Даглас Хёрли бар. (Настоящее время)

- Тажикстан коронавируска каршы күрөшүүгө эл аралык уюмдардан канча каражат алды? (видео)

- Самарада жүздөгөн өзбекстандык ачык асман алдында жашоодо. (Настоящее время)

- Ысык-Көлдүн тургуну пирамида формасында мейманкана курууну кыялданат. (Кыргызстандан видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. ДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG