Дарыгерлер аялдын абалы оор экенин билдиришүүдө. Операция үчүн кайрымдуулук иретинде каражат чогултулуп жатат.
Үч баланын энеси Гүлбахардын күйөөсү кайтыш болуп калган.
Гүлбахар Түркмөнстанга келүүнү каалайт, Түркияда анын жакындары жок. Ушул тапта коронавирус пандемиясына байланыштуу эки өлкө ортосунда авиакаттам токтогон.
Бейтап бир жыл мурун Түркияга келип, ашканалардын биринде төрт ай идиш жууп иштеген. Бирок айлык акысын ала алган эмес. Кийинчерээк боору ооруп, залалдуу шишик пайда болгонун билген.
Түркмөнстанда оор экономикалык каатчылыкка байланыштуу жыл сайын миңдеген киши чет өлкөлөргө иш издеп кетет. Бейрасмий маалыматтар боюнча соңку он жылда өлкөдөн эки миллион жаран чыгып кеткен.