Ссылки доступа

Тажикстанда медиа-омбудсмендер ишке кирди


Тажикстанда окуялардын бейтарап жана калыс чагылдырылышына жана журналисттик этиканын сакталышына көзмөл жүргүзүү үчүн медиа-омбудсмендер ишке кирди.

Медиа-омбудсмен институту Internews Network эл аралык уюмунун колдооосу менен ачылган. Тажикстандагы Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибоевдин айтымында, ушул тапта медиа-омбудсмендер алты жергиликтүү ЖМК менен иштешүүдө.

Анын пикиринде, окуяларды калыс жана бейтарап чагылдыруу жана журналисттик этиканы сактоо – ЖМКлар менен мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын соттошуусуна жол бербөөгө шарт түзөт.

Медиа-омбудсмендер Internews Network менен ЕККУ биргеликте уюштурган журналисттик этика курстарынан өтүшкөн.

Быйыл апрелде “Журналисттер үчүн адилеттүүлүк” фонду акыркы эки жылда Тажикстанда 81 жолу ЖМКларга чабуул жана коркутуп-үркүтүү болгонун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG