Ссылки доступа

Чек арадагы чыр: өзбек премьери Фергана облусунун башчысына ыраазычылык билдирди


Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сох райондук кеңешинин 3-июндагы кезексиз жыйынында Фергана облусунун жетекчиси Шухрат Ганиевге кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан кийинки аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу райондук акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

«Бир нече күн мурда чек арада жагымсыз окуя болду. Бул жерге өз учурунда келип, абалдын курчуп кетишине жол бербеген Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевге жана башка жетекчилерге ыраазычылык билдирем. Тынчтыкты баалоо — бул чоң бакыт», — деди премьер-министр.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлаган.

1-июнда Арипов Сох районунун тургундары менен жолуккан. Анда жергиликтүү жашоочулар премьер-министрден Фергана облусунун башчысын кызматтан алууну талап кылышкан.

3-июнда социалдык түйүндөрдө Ганиевдин үнүнө окшогон киши Сох районунун жашоочулары менен өткөн жолугушууда “чек араны жаап, чырлуу кыштакты картадан чийип салам” деп опузалаган аудиожазуу тараган.

Анда Ганиевдин үнүнө окшогон киши жергиликтүү 74 жашоочуну түрмөгө камап, “чырлуу кыштакты” картадан чийип, бүтүндөй Сох районун камсыздоосуз калтырарын айткан.

Видео

XS
SM
MD
LG