Буга чейин бейтап беш жыл бою диспансердик каттоодо туруп, жарым жыл сайын дарылоо курсунан өтүп келген. Мындан соң гана анын майып экени аныкталып, мамлекеттик жөлөк пул чектелген. Эми бул мөөнөт 10 жылга узартылды.
Лебап облусунун жашоочуларынын бири беш жылдан бери ар эки айда дарыланып жүргөнүн, эми ага майыптуулук жөнүндө документ берүүдөн баш тартышканын билдирди. Ал жүрөк жана бөйрөк кемтиги менен жабыркап келет.
Түркмөнстанда 2020-жылдын 1-январынан тартып эң төмөнкү мамлекеттик жөлөк пулдун көлөмү 322 манатты (91 доллар) түзгөн.