Ссылки доступа

Таласта «3-каналдын» кеңсеси өрттөлдү


7-июнда белгисиз адамдар Талас шаарындагы «3-канал» деп аталган телеканалдын кеңсесине өрт коюп кетишкен. Бул тууралуу «Азаттык» билдирди.

Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Телеканалдын жетекчиси Жаннат Токтосунова кеңсе атайын өрттөлгөнүн, бардык техникалар күйүп кеткенин «Азаттыкка» билдирди.

«Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, себеби терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Ууру болсо уурдап кетмек, тоноо болсо башкача болмок. Өрттөгүсү келсе жөн эле өрттөп кетмек. Бул жерде жардырууга аракет кылышкан, - деди Токтосунова. - Мен муну журналисттерди коркутуу аракети катары баалап жатам. Буга чейин деле каналды жабуу аракети болгон, бирок биз сактап калганбыз. Эгерде кеңсе жарылып кеткенде "коопсуздук чараларын көргөн эмессиңер" деген шылтоо менен ишти жаап салмак».

Токтосунованын билдиришинче, телеканалдын эфирди камсыз кылган техникасы толугу менен өрттөнүп кетти. Телеканал болжол менен жалпы суммасы 10-15 миң долларлык чыгымга учурады.

Медиа эксперт Азамат Тынаев Таластагы окуяны укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек деп эсептейт:

«Бул - кокустук эмес, атайын чабуул, чагым. Бул - коркутуу. Кыргызстан - сөз эркиндигинин өлкөсү. Бирок көп жылдардан бери мамлекеттин көз карандысыз редакцияларга жасаган кысымына күбө болуп келатабыз, - деди Азамат Тынаев. - 2010-жылы марттын аягында "Стан.kg" каналына ачыктан-ачык рейд жасалган. Апрель революциясынан кийин "24.kg" сайтына да ушундай эле кысым болгон. Бизде курч материалдарды жасаган, сынды таамай айткан көз карандысыз маалымат каражаттары көп. Ушундай окуяга эркин медиа каражаттарынын ар бири туш болуп калышы мүмкүн. Андыктан бул окуяны укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек».

«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюмдун жетекчиси, активист Адил Турдукулов да бул окуяны эркин медиага карата кысым катары баалады:

«Буга чейин да журналисттерди, жарандык активисттерди тоноп, сабап кеткен учурлар көп эле катталган. Бирок Ички иштер министрлиги, укук коргоо органдары аларды кадыресе иш катары көрсөтүүгө аракет жасаган. Менимче, бул окуяны да мамлекеттик медиа каражаттары ошондой өңүттө чагылдырышат. Негизи шайлоо өткөн жылы саясий чыңалуу өзгөчө күч алат. Көз карандысыз жана жергиликтүү медиа каражаттарына басым өзгөчө катуу болот. «3-каналга» байланыштуу окуяны Талас облусунда оппозицияга, көз карандысыз медиага карата кысымдын белгиси катары кабыл алдым».

«3-канал» Талас облусунда 2017-жылдан бери иштеп келатат.

XS
SM
MD
LG