Бул каттам боюнча поезддер орто ылдамдык менен саатына 60 чакырым жүрө алышат.
Мэрия бардык станциялар улуттук архитектуралык стилге негизделгенин жана жасалгасы боюнча бири-биринен айырмаланып турарын, алар жүргүнчүлөр үчүн бардык шарты бар заманбап вагондор менен камсыздалганын билдирүүдө.
Ал ортодо соцтармактарда жаңы бүткөн тилкеде ири кырсыкка алып келиши мүмкүн болгон темирбетон конструкцияларындагы кемчиликтер тартылган сүрөттөр тарап жатат.
Жер алдында жүрө турган метронун долбоорунун автору темирбетон конструкциясынын начардыгы тууралуу кооптонууларды четке кагууда.