Маалыматка караганда, ишкана кызматкерлеринин COVID-19 жуктуруп алгандыгы 28-майда жана 2-июнда аныкталган. Вирус табылган жумушчулардын 17си Кытайдын, алтоо Тажикстандын жарандары. Алардын арасында компаниянын башкы директору жана ашпозчулардын бири бар экени да айтылууда. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай да, төгүндөй да элек.
Ушу тапта ишкана жумушчуларынын көбү коронавируска тапшырган тесттеринин жыйынтыктарын күтүп жатышат. Расмий маалымат боюнча компанияда үч миң киши иштейт, алардын 1100ү Кытайдан келген адистер менен жумушчулар.
24-майда Душанбеге атайын каттам менен кытайлык дарыгерлердин тобу келип, «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясынын» кызматкерлерин текшеришкен. Буга чейин кытай жарандары аларда коронавирустун бардык белгилери болгонун, бирок тажик дарыгерлерине тапшырган анализдери таза чыкканын билдиришкен.
20-майда Тажикстандын күч кызматкерлери бул ишканадагы жумушчулардын козголоңун токтоткон. Кытай сайтынын маалыматына караганда, ОМОНдун аракетинен улам 40ка жакын кытайлык жумушчу жаракат алган. Анда жумушчулардын нааразылыгына айлыктын кечиктирилиши себеп болгону кабарланган.
Бирок кытайлык жумушчулардын айтымында, алар 8-майда бир кесиптеши каза болуп, анын өлүмүнө ичеги-карын оорусу себеп болгону айтылганына да нааразылык билдиришкен. Алар кесиптеши COVID-19дан улам каза болгон деп эсептешкен.