Ссылки доступа

COVID-19: Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлер жапырт медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө


Түркмөнстанда ыктымал коронавирус жуктургандарды аныктоо үчүн мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери массалык түрдө медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурланууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Радионун Ашхабаддагы кабарчысынын айтымында, ушу тапта шаардагы медициналык жайларда текшерүүдөн өтүүнү каалаган бюджеттик кызматкерлердин кезеги көп болууда.

«Мамлекеттик мекемелер менен ишканалардын жетекчилери кол алдында иштеген кызматкерлерди өз эсебинен медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурлап жатышат. Текшерүүдөн өтпөгөндөрдү иштен алуу менен коркутуп жатышканы айтылууда», — деди кабарчы.

Ал эркектер үчүн текшерүүнүн баасы 100 манат ($28,5), аялдар үчүн 140 манат ($40) экенин кошумчалады.

«Аялдар үчүн кымбат болуп жатканы, аларды гинекологго барып, кошумча текшерүүдөн өтүүгө мажбурлап жатышат», — деди кабарчы.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирип, көп адамдар катышкан массалык иш-чараларды өткөрүп келет.

Видео

XS
SM
MD
LG