Ссылки доступа

Тажикстанда селден кийинки нааразылык акциясына катышкан алты кишиге кылмыш иши козголду


Тажикстанда бийликтин Хатлон облусунун Хуросон районундагы селден кийинки аракетсиздигине каршы нааразылык акциясына чыккан жергиликтүү алты тургунга каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Озоди» радиосу облустук акимчиликтеги өз булагына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, төрт айыпталуучу камакка алынып, экөө аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулду. Алардын баары тең массалык нааразылык акцияларына чакыруу жана коомдук тартипти бузууга айыпталышууда. Булактын айтымында, кылмыш иши боюнча өлкөнүн Башкы прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

17-майда ондогон адам нааразылык акциясына чыгып, Бохтар-Душанбе унаа жолун тосушкан. Алар мындай жол менен аткаминерлердин көңүлүн селден кийин жаралган көйгөйлөргө бурууга аракет кылышканын билдиришкен. Анда акцияга чыккандарды милиция кызматкерлери кууп таркатышкан.

14-май күнү кечинде Хуросон районундагы селден бир киши каза болуп, ондогон турак-үй зыянга учураган. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси 10 үй толугу менен жарабай калганын айткан. Бирок жергиликтүү тургундар келтирилген чыгым кыйла көп экенин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG