Алардын айтымында, ооруканалар бейтап кагаздарын бербегендиктен, көбү айлык ала албай калууда.
Тажик мыйзамдарына ылайык, бейтап убактылуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгондугу тууралуу ооруканадан атайын кагаз алып, аны жумушуна көрсөтүшү керек. Анын негизинде жумуш берүүчү кызматкердин иш тажрыйбасына жараша 60-80% айлык маянасын төлөп берүүгө милдеттүү.
Дарыгерлер бейтап кагазын жазып берүү медициналык мекемелердин жетекчилигинин иши экенин айтып, коронавирус күчөп турганда бейтаптарды кароо менен алек болушканын билдиришүүдө.
Өткөн жумада өлкө президенти Эмомали Рахмон өкмөткө COVID-19 илдетине байланыштуу медициналык көзөмөлдө болгон жарандарды бейтап кагаздары менен камсыз кылуу тапшырмасын берген.