Ссылки доступа

Калабадагы журналистика: жоопкерчилик жана милдет (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Калабадагы журналистика: жоопкерчилик жана милдет. 2010-жылкы июнь окуясын чагылдырууда журналисттер жеке коопсуздугун тобокелге салып, коомчулукка маалымат таратып турушкан. Улут аралык жаңжалды башынан кечирип жаткан Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаалды, коомдогу чыңалууну, кооптуу окуяларды чагылдыруунун артында чоң жоопкерчилик менен милдет турган. (видео)

- Экс-премьер Сапар Исаков 18 жылга кесилди. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. (видео)

- Парламент комитети Канттагы база боюнча протоколду жактырды. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Орусиянын Канттагы аскер базасы тууралуу талаштуу протоколду жактырды. Буга чейин Кант аэродромундагы учуп-конуу тилкесине ээлик кылууга байланышкан маселе кызуу талкуу болгон. (видео)

- Нур-Султанда митингге чыккан энелер көчөдө түнөштү. (видео)

- Бүгүнкү Ош: Ынтымак менен сабырдуулук баарын жеңет. (видео)

- Казакстанда президенттик шайлоо өткөнүнө бир жыл болду. Эмне өзгөрдү? (видео)

- Кызылордонун четиндеги суусуз, жарыксыз жана жолсуз конуш. (видео)

- Тажикстанда 15-июндан тартып азык-түлүк сатпаган дүкөндөр менен базарлар ачылат. (видео)

- Кыргызстандагы жеке телеканалдар жабылып калуу коркунучуна кептелиши мүмкүн. (видео)

- Тажикстанда беткап тагынгандар азайды, эл эпидемия бүтөрүнө аз калганына ишенишүүдө. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. ДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG