Жыл башында Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан курман болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.
Тегеран Вашингтондон өч алаарын жарыялаган жана АКШнын Ирактагы эки аскер базасына баллистикалык ракета менен сокку урган. Жаңжал курчуган маалда – 8-январда Тегерандан Киевди көздөй жол тарткан жүргүнчү учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кыйраган. Каргашада 176 адамдын өмүрү кыйылган. Иран бул окуядан төрт күндөн кийин учакты кокусунан атып алганын ырастаган.