Ссылки доступа

Уфада тажикстандык студент чөгүп бараткан баланы куткаруу учурунда мерт болду


Хожимурод Каландаров

Башкирия бийлиги чөгүп бараткан балдарды сактап калып, бирок өзү мерт болгон тажикстандык студенттин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Трагедиялуу окуя 7-июнда Уфа шаарындагы Белая дарыясында болгон. Башкирия агрардык университетинин 1-курсунда окуган Хожимурод Каландаров досу экөө жээкте эс алып отуруп, сууга чөгүп бараткан эки баланы көрүшкөн. Жигиттер дарыяга секирип, балдарды жээке алып чыгышкан, бирок Хожимурод өзү чөгүп кеткен. Анын сөөгүн куткаруучулар бир нече сааттан кийин табышкан.

Башкирия вице-премьери Фанур Ягафаров маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Тажикстандын Москвадагы элчиси Имомуддин Сатторов авиакаттамдар токтогонуна байланыштуу студенттин сөөгүн муздаткычы бар автоунаа менен жеткирүүнү чечишкенин билдирди. Ушул тапта Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадан өтүүгө уруксат алуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Жыл сайын Тажикстандан 4 миңдей студент Орусиянын жогорку окуу жайларына окуу үчүн барат.

Видео

XS
SM
MD
LG