Ссылки доступа

COVID-19: Голливудда төшөк мамилелери компьютердик графика менен тартылат


Голливудда COVID-19 пандемиясына байланыштуу төшөк мамилелери компьютердик графиканы колдонуу менен тартылат же сценарийден мындай эпизоддор алынат. Бул тууралуу британиялык Daily Mail басылмасы жазды.

Басылма америкалык кино жана телеиндустрия 12-июндан тартып ишин жандандырууга үмүттөнүп жатканын эске салат.

Кинематографисттер иш учурунда аралыкты сактоо чаралары боюнча нускамаларды алышты. Голливудда актерлор жана башка чыгармачыл топ күн сайын коронавируска тест тапшырат.

Британиялык The Sun басылмасы Голливуд киноредакторлор ассоциациясы үчүн 22 барактан турган документ иштелип чыкканын маалымдады. Ал жерде сценарийдеги “чукул байланыш учурлары” кайра жазылышы же компьютердик графиканын жардамы менен тартылышы керектиги баса белгиленген. Телешоулор көрүүчүлөрсүз тартылат. Кастинг өткөргөн адистер менен актерлорду атайын айнек бөлүп турмай болду.

XS
SM
MD
LG