Ссылки доступа

АКШ Германияга өлкөдөгү аскерлерин чыгарып кетиши мүмкүндүгүн эскертти


Германиянын өкмөтү өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин бир бөлүгү чыгарылып кетиши ыктымалдыгы тууралуу расмий билдирүү алганын кабарлады.

«Бирок бизге белгилүү болгондой, азырынча бул боюнча расмий чечим жок», — деди немис өкмөтүнүн басма сөз кызматкери.

Өткөн жумада The Wall Street Journal басылмасы президент Дональд Трамп Германиядагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарып кетүүнү көздөп жатканын жазган. Der Spiegel журналы өлкөдөн 15 миңге чейин АКШ аскери чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдирген.

Апта башында Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр Вашингтон бул планын ишке ашырса, НАТОнун өзүнө терс таасирин тийгизерин айткан. Азырынча Ак үй менен НАТО бул боюнча комментарий бере элек.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен баарынан Германияда АКШнын аскерлери көп жайгашкан. Дональд Трамп президент болуп шайлангандан бери Европа өлкөлөрүн коргонууга жетишсиз каражат бөлүп жатат деп бир нече жолу сынга алган.

XS
SM
MD
LG