Ссылки доступа

Казакстан президенти Сенатка шайлоону 12-августка белгиледи


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жогорку палатасынын (Сенаттын) депутаттарын шайлоону 12-августта дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

12-июнда жарыяланган жарлыкта шайлоо 2020-жылы октябрда жогорку палатанын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу экени белгиленген.

Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди. Өкмөткө шайлоого даярдык көрүүгө тапшырма берилди.

Сенаттын 47 депутатынын 32си маслихат депутаттары тарабынан тандалат, калганын өлкө президенти дайындайт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-майда спикер Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугун токтоткон. Казакстандын Баш мыйзамына ылайык, Сенаттын спикери – мамлекет башчы отставкага кеткенде же көз жумганда мамлекет башына келет.

XS
SM
MD
LG