Ссылки доступа

RSF: Душанбе COVID-19 тууралуу жалган маалымат таратуу үчүн каралган айып пулду жокко чыгарышы керек


«Чек арасыз кабарчылар» (Reporters sans frontieres) эл аралык уюму коронавирус пандемиясы тууралуу ЖМКлар жана соцтармактар аркылуу такталбаган, жалган маалымат таратуу үчүн айып пул киргизүү чечимин кабыл алгандыгы үчүн Тажикстандын бийлигин сынга алды.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Жанна Кавелье айып пул киргизүү сөз эркиндигине доо кетирип, мыйзамды чечмелөөдөгү так эместиктер журналисттердин укуктарынын бузулушуна алып келиш мүмкүн деп эсептейт. Ал эл аралык мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик түзүм кайсыл маалыматтын чын же жалган экенин чечүүгө укуксуз экенин белгиледи.

10-июнда тажик парламентинин төмөнкү палатасы Административдик мыйзам бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, ЖМК жана соцтармактар аркылуу коронавирус тууралуу такталбаган, жалган маалымат таратуу үчүн жарандарга 580 сомони ($56), юридикалык жактарга 11 600 сомони ($1128) айып салынат.

«Чек арасыз кабарчылар» тажик бийлигинен бул пунктту Административдик мыйзам бузуу тууралуу кодекстен алып салууну талап кылды. Уюм бул цензурага түрткү болот деп эсептейт.

10-июнда тажик парламентиндеги Мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин төрага орун басары Равшан Ражабзода өзгөрүүлөрдүн максаты — жарандарды жазалоо эмес, жугуштуу оорулардын алдын алуу экенин айткан.

Парламент жыйынында пандемия тууралуу такталбаган маалымат таратуу үчүн айып пул киргизүүнүн себептери жөнүндө айтылган эмес. Бирок «Озоди» радиосунун өз булагы бийлик коронавирус жуктургандар жана каза болгондор тууралуу маалыматты көзөмөлдөгүсү келип жатканын билдирди.

Кылмыш жана Административдик мыйзам бузуу тууралуу кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр президент кол коюп, расмий басылмаларга жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG