Ссылки доступа

Өзбекстанда үч кишинин өмүрүн алган жарылуу боюнча сот башталды


Ташкент облусундагы Куйичирчик райондук сотунда өткөн жылы Сурум айылындагы турак-үйлөрдүн биринде болгон жарылуу боюнча отурум башталды. Анда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү каза болуп, дагы үчөө майып болуп калышкан.

Бул иш боюнча «Узтрансгаз» акционердик коомунун төрт кызматкери жана Куйичирик райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери айыпталууда. Аларга Кылмыш кодексинин «Кызматттык шалаакылык» беренеси боюнча айып тагылган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2019-жылы 11-ноябрда Сурум айылынын тургуну Хулькар Пирназарованын үйүнөн 50 метр алыстыкта жайгашкан газ куюучу станциянын аймагында түтүк жабыркап, андан газ чыга баштаган. Ал Пирназарованын үйүнө чейин жетип, аны билбеген үй-бүлө мүчөлөрү ширеңке чакканда жарылуу болгон.

Жыйынтыгында Пирназарованын күйөөсү менен кайненеси ошол жерде көз жумган. Кырсыктан 50 күн өткөндөн кийин алган жараатынан улам анын 9 жаштагы баласы ооруканада каза болгон. Денесинин 75% көбү күйүп калган бир тууганы менен эки кичинекей кызы өмүр бою майып болуп калышкан.

Маалыматка караганда, участкалык инспекторлор кырсыкка чейин үч күн мурда газ түтүктөрүндөгү мүчүлүштүктөр тууралуу кабар алып, бирок эч кандай аракет көрүшкөн эмес. «Узтрансгаздын» төрт кызматкери ал түтүктөрдүн курулушуна түздөн-түз жооптуу инженерлер болушкан.

Видео

XS
SM
MD
LG