Орусия менен Түркия ушул жекшембиге белгиленген дипломатиялык ведомстволордун сүйлөшүүлөрүнүн мөөнөтүн жылдырды.
Жолугушуу учурунда Сирия жана Ливиядагы жаңжал талкууланмак. Анкара менен Москва куралдуу кагылышууда эки башка тарапты колдошот.
Буга чейин Сергей Лавров менен коргоо министри Сергей Шойгу ушул жекшембиде Түркияга бара турганы кабарланган.
Апта башында Бириккен Улуттар Уюму Ливиядагы жаатташкан тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаганын маалымдаган.