Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев карантинге чыкты. Аймак акимчилигинин маалымат кызматы Сапарбаев аралыктан иштеп жатканын, коронавируска тапшырган тестинен вирус аныкталбаганын билдирди.
12-июнда казак премьер-министри Жамбыл облусуна иш сапар менен барган. Аны саламаттык сактоо министри коштоп жүргөн. Эки күндөн кийин Биртанов коронавирус жуктуруп алганын, инфекциялык ооруканага жатканын кабарлаган. Кийинчерээк Казакстан премьер-министри обочолонуу режимине өткөнү, тест учурунда вирус аныкталбаганы айтылган.
15-июнда билим берүү министри Асхат Аймагамбетов да карантинге чыкканы белгилүү болду. Ал дагы өкмөттүк делегация менен Жамбыл облусуна барган.
Ал арада өкмөттүн 16-июнга белгиленген жыйыны 19-июнга жылдырылды.
Ай башында Казакстан президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавируска кабылган. Өткөн аптада парламент мажилисинин депутаты Бекболат Тлеухан да вирус жуктуруп алган.