Ссылки доступа

Эмомали Рахмон саламаттык сактоо министринин орун басарларын кызматтан алды


Тажикстанда саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министринин бардык орун басарлары кызматтан бошотулду. Өкмөттүн тиешелүү токтому 15-июнда жарыяланды.

5-майда президент Эмомали Рахмон саламаттык сактоо министри Насима Олимзоданы иштен алган. Анын ордуна "Истиклол" медициналык борборунун директору, Тажик мамлекеттик медициналык университеттин жалпы хирургия кафедрасынын профессору Жамолиддин Абдуллозода дайындалган. Министр өлкө бийлиги коронавирус бар экенин жаңы мойнуна алып, коомчулук жана медициналык кызматкерлер илдетке каршы күрөшүүдөгү министрликтин чабал аракетин кескин сынга алган маалда отставкага кеткен.

Рахмондун башка бир токтомуна ылайык, Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин орун басарлары да жумуштан бошотулду.

XS
SM
MD
LG